Вернисаж (французча  vernisage – тике маанисинде – «лакировка – жалтыратуу») – атайын чакырылган гана адамдар (сүрөтчүлөр, сынчылар, көркөм искусство менен байланыштуу мекемелер жана уюмдар, коомчулук өкүлдөрү ж. б.) катышкан көргөзмөнүн жабык кароосу же мындай кароо өткөрүлбөгөндө көрүүчүлөрдүн кеңири массасына арналган көргөз­мөнүн ачылган биринчи күнү. В-дын аталышы качандыр бир кезде кеңири тараган француз сүрөт­чүлөрүнүн көргөзмө салонундагы картиналарды көргөзсө, ачылаар алдында чакырылган адамдардын көз алдында жалтыратып лактап койгон каада-салтынан келип чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү