Верстак - (нем. Werkstatt устакана) иштетилүүчү буюмду бекитүүчү жабдуусу, айрым учурда механикалаштырылган аспабы ж. б. бар жумушчу стол. Ал бир жана көп орундуу болуп, темир устачылыкка (темир ж. б. материалдарды) жана жыгач устачылыкка (жыгач материалдарды иштетүүгө) арналат. Верстакта керектүү аспаптар, жасалгалар, материалдар, тетиктер, техникалык документтер сакталат. Бир орундуу верстактын бийиктиги 0,8 0,9 м, туурасы 0,7-0,8 м, узундугу 1,2 - 1,5 м. Эки же андан көп орундуу верстактардын өлчөмдөрү тиешелүү түрдө чоңойтулат. Азыркы учурда көтөрүп жүрүүчү верстак кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү