Видовдан констититуциясы

Видовдан констититуциясы - серб, хорват, словен королдуктарынын (1929-жылдан Югославиянын) бурж. конституциясы.

  • 1921-ж. 28-июнда, башкача айтканда ыйык Вид күнүндө (аталышы да ушундан) уюмдаштыруу чогулушунда кабыл алынган.
  • Видовдан констититуциясы королдукту Карагеоргиевичтердин дпнастиясынан чыккан серб королу башкарган конституциялык парламентчил жана мурасчыл монархия деп жарыялаган.
  • Конституция боюнча парламент 1 палаталуу (элдик скушцина) болгон. Королго аткаруу жана закон чыгаруу (элдик скупщина менен бирге) бийлиги берилген.
  • Закон боюнча тең укуктуулук, сез эркиндиги, чогулуш, союз түзүү, басма сөз эркиндиги жарыяланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.