Виннипег, көл

Виннипег,‎»‎ барагынан багытталды)

Виннипег, Уиннипег (Winnipeg) – Канаданын түштүгүндөгү көл. Муз каптоо доорунда пайда болгон Агассис көлүнүн калдыгы. Аянты 24,3 миң км2. Тереңдиги 28 мге чейин. Саскачеван, Ред-Ривер дарыясы куюп, Нельсон дарыясы агып чыгат. Ноябрдан майга чейин тоңот. Кеме жүрөт. Балык кармалат. Топоним индейлердин «ви-ни-пи» («ылайлуу суу») деген сөзүнөн пайда болгон.

Виннипег көлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү