Вирустук диарея - (Diarrhea viralis bovis), жугуштуу энтерит – бодонун тамак сиңирүү жана дем алуу жолунун былжыр челинде оюк жара пайда кылып, ичин өткөрүп, каңыл жаар жана көздүн былжыр челин сезгентип, калтыратмага дуушар кылуучу, тез жугуучу ылаң. Вирустук диарея 1946-ж. АКШда катталган, Кыргызстанда да кездешет, аны Р. С. Галиев изилдеген (1976). Вирустук диареянын козгогучу РНКлуу вирус. Аны менен бодомал 2 айынан тартып 2 жашка чейин (көбүнчө 5-6 айында) ылаңдайт. Бирок айрым учурларда 1-4 күндүк музоо жана 3-7 жаштагы уй да ылаңдап калышы мүмкүндүк Ылаңдаган жана ылаңдан айыккан мал (4 айга, кээде андан да көп убакытка чейин) ылаң козгогучтун булагы болуп саналат. Кээ бир малда ылаң тымызын өтүп, вирусту кыйла убакытка чейин сыртка бөлүп чыгарып турат. Ылаң козгогучун вирус менен булганган тоют, малканадагы нымдуу аба, шаймандар, суу ж. б. таратат. Вирустук диарея көбүнчө жылдын суук мезгилинде эпизоотия түрүндө болот. Ал катуу кармаган, жетилген өнөкөт жана тымызын түрдө өтөт. Ылаң катуу кармаганда клиникалык белгилер музоодо айкын байкалат. Заңы суюк, сасык келип, көбүктөнүп турат, анда газ, былжыр жана кан болот. Жөткүрөт, көзүнөн жаш куюлат, кээде аксайт, ордунан араң турат, темтеңдейт. Бул учурда ылаң 4 жумага созулуп, мал өлөт. Бооз уй музоо салат. Анын жетилген түрүндө ылаң белгилери айкын болуп, дарылоо оңой болот да, көпчүлүк музоолор айыгат. Өнөкөт түрүндө ылаң белгплери жай байкалат (кээде 6 айга чейин созулат). Ылаңдаган мал өтө арыктайт, мезгил-мезгили менен ичи өтөт, ооздун былжыр челинде үстүн былжыр каптаган оюк жаралар пайда болот, көпчүлүгү өлөт. Диагноз лабораториялык изилдөө менен коюлат. Дарылоодо ылаңдаган мал сапаттуу жана сиңимдүү тоют менен камсыз кылынат. Организмдеги суу балансын калыбына келтирүү максатында венасына, тери алдына электролиттер жана глюкозанын 40%түү эритмеси 500-1000 мл ченеминде куюлат, глюкозаны ичирсе да болот. Былжыр челин антисептикалык заттардын (калий перманганаты, фурациллин, этакридин лактаты) эритмелери менен чайкайт жана ихтиол кошулган көк таштын 1 % түү эритмеси менен клизма жасалат, жүрөк ишин жакшыртуучу кофеин, кордиамин, коразол колдонулат. Вирустук диареяга каршы ар түрдүү вакциналар куюлат. Чарбада ветеринардык-санитардык эрежелерди так сактоо талап кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү