Вискозиметрия (лат. viscosus-илээшкек, жабышкак жана metreo - өлчөйм) – газдар жана суюктуктардын илээшкектигин өлчөө методу. Абс. өлчөөдө чыңалуу t менен изилденүүчү чөйрөнүн агымынын жылышынын ылдамдыгын g бири бирине көзкарандысыз жарыш аныкташат. Илээшкектүүлүк (h) төмөнкү формула менен эсептелет . Илээшкектүүлүк көзкаранды параметрлерди салыштырмалуу өлчөөдө, аныктоонун жыйынтыктарын, илээшкектүүлүгү белгилүү болгон суюктук (же газ) үчүн, ошондой эле окшош ыкмалар менен аныкталган параметрлер жыйынтыгын салыштырышат. Ньютондук эмес суюктуктар үчүн аныкталган h чоңдугу эффективдүү илээшкектүүлүк деп аталат (анткени ал t жана g көз каранды). И. эксперименттик принциптерге: чөйрөнүн илээшкектүүлүгү шарттаган изилденүүчү зат кыймылынын каршылыгына же изилденүүчү зат кандайдыр бир геометриялык форманын каналында агуусуна же болбосо илээшкектигин аныктап жаткан катуу телонун илээшкектиги аныкталып жаткан чөйрөдөгү кыймылына негизделип аныкталат. Каппиллярдуу, ротациалык, вибрациялык, вискозиметрия, пластометрия жана тамчылап түшүүчү тамчы методу кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү