ВисмарГерманиянын түндүгүндөгү шаар, Мекленбург Алдыңкы Померания жеринин (административдик-аймактык бирдик) аймагында. Калкы 42;219 миң (2013). Балтика деңизиндеги Висмар бухтасында жайгашкан порт. Алгач 1229-жылдан эскерилет. 1257-1358-ж. Мекленбург княздарынын резиденциясы. Висмардын борборунда готика стилинде кыштан салынган Ыйык Мария чиркөөсүнүн батыш мунарасы (1260), Ыйык Николай (1381–1487), Ыйык Георгий (13-16-кылым), Ыйык Периште (15-кылым) чиркөөлөрү, Мекленбург княздарынын ренессанс стилиндеги Фюрстенхоф сарайы, барокко стилиндеги Цейхгауз (18-кылым), ренессанс стилиндеги «Суу искусствосу» фонтаны бар. 14-19-кылымдардын үйлөрү менен курчалган Чоң базар аянты сакталган. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Технологиялык, бизнес жана дизайн университети, тарых музейи, театр, зоопарк бар. Висмар балык кармоочу флоттун базасы. Кеме куруу жана ремонттоо, балык өнөр-жай ишканалары иштейт.

Висмар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү