Вишневская Галина Павловна

Вишневская Галина Павловна (25. 10. 1926, СССР, Ленинград шаары – 11. 12. 2012, Россия Федерациясы, Москва шаары) – опера ырчысы (сопрано), CCCP эл артиси. (1966). Л. М. Ростроповичтин аялы. Ленинградда окуган. Сахнадагы ишмердиги 1944-ж. опереттадан башталып, кийин Ленинград филармониясында иштеген. 1952-74-жылдан CCCP Чоң театрында. Таза тембрдеги уккулуктуу үнү жана чоң драмалык таланты бар артист. Г. П. Вишневская Татьяна, Лиза, Купава; Марфа («Падышанын колуктусу»), Аида, Виолетта, Чио-чио-сан, Тоска; Леонора («Фиделио») ж. б. сахна образдарынын галереясын түзгөн. Миландагы «Ла Скала» театрында Лиунун партиясын («Турандот», Пуччини) аткарган. Чоң театрда Катаринанын («Азоого чалма», Шебалин 1957), Наташа Ростованын («Согуш жана тынчтык», Прокофьев, 1959), Маринанын («Октябрь», Мурадели, 1964), Софья Ткаченконун («Семён Котко», Прокофьев, 1970) партияларынын биринчи аткаруучусу. Г. П. Вишневская концерттик жана камералык ырчы катары да таанымал. Киного тартылган («Катерина Измайлова», Шостакович, 1966). Көп өлкөлөрдө гастролдо болуп, 1978-ж. чет өлкөдө жүргөн учурда күйөөсү экөө СССРдин граждандыгынан ажыратылып, 1990-ж. кайра калыбына келтирилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү