Вольфрамит – вольфраматтар тобундагы минерал. Химиялык формуласы (Mn, Fe)[WO4]. Кошундулары:Zn, Mg, Nb ж. б. Изоморфтук түрлөрү гюбнерит MnWO4, ферберит FeWO, оноклин сингониясында кристаллданат. Өңү кара күрөң, кызгылт, кара, алмаз сымал жаркырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 4,5-5,5, тыгыздыгы 7100-7600 кг/м3. Салыштырма салмагы 7,5. Жаратылышта касситерит, молибденит, арсенопирит, топаз, висмутин, берилл, мусковит ж. б. минералдар менен бирге кварц тарамдарында жана грейзендерде кездешет. Вольфрамит волъфрамдын негизги кен-ташы (рудасы).

Колдонулган адабияттар түзөтүү