Климент Ворошилов

Ворошилов Климент Ефремович‎»‎ барагынан багытталды)

Климент Ефремович Ворошилов [23 (4) 1 (2).1881, Россия империясы, Екатеринослав губерниясы, Бахмут уезди, Верхний кыштагы (азыркы Украина, Луганск облусу Лисичанск шаары – 2. 12. 1969, СССР Москва шаары)] – советтик-мамлекеттик жана аскер ишмери. Советтер Союзунун Маршалы (1935), эки жолку Советтер Союзунун Баатыры (1956, 1968), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1960). 1918-жылдан Советтер Армиянын катарында. Граждандык согуш жылдары бир катар командалык жогорку кызматтарды аткарган. 1-Атчандар армиясын уюштургандардын бири жана анын Аскердик революциячыл кеңешинин мүчөсү.1924-25-жылдары Москва аскер округунун командачысы жана СССР аскер революциячыл кеңешинин мүчөсү. 1925-34-жылдары Аскер жана Деңиз иштери боюнча эл комиссары жана СССР аскер революциячыл кеңешинин төрагасы. 1934-40-ж. СССР коргоо эл комиссары, 1940-жылдан СССР Эл Комиссарлар советинин төрагасынын орун басары жана анын алдындагы коргоо комитетинин төрагасы. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары Мамлекеттик коргоо комитетинин мүчөсү, Түндүк -Батыш багытындагы аскерлерге башкы командачы, Ленинград фронтунун аскерлеринин командачысы, партизан кыймылынын башкы командачысы. 1946-жылдан СССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары. 1953-60-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы. Моңгол Эл Республикасынын Баатыры. 8 Ленин, 6 Кызыл Туу, 1-даражадагы Суворов ордендери, Өзбек, Тажик ССРлеринин, ЗСФСРдин Кызыл Туу ордендери, чет өлкөлүк ордендер жана медалдар менен сыйланган. Сөөгү Москвада Кызыл Аянтка коюлган. Бишкекте Ворошилов атындагы көчө бар.

Климент Ворошилов

Кошумча маалымат

Аскер кызматчыларына массалык репрессиялар үчүн күнөөлүү. Улуу Ата-Мекендик согуш учурунда ал кырсыкка алып келген коркунучтуу каталарды кетирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү