Вревский мыйзамдары

Биринчи мыйзамы: Берилген курамында эритменин темп-расын жогорулатканда анын буусу молдук парциалдык буулануу жылуулугу болгон компоненттерге байыйт.

Экинчи мыйзамы: 1) Эгерде эритме-буу системасы басымы (темп-расы) максимумга (минимумга) ээ болсо, анда темп-ра жогорулашы менен азеотроптук эритмеде молярдык парциалдык буулануу жылуулугу жогору болгон компонент концентрациясы көбөйөт. 2) Эгерде системанын басымы (темп-расы) минимумга (максимумга) ээ болсо, анда темп-ранын жогорулашы менен азеотроптук эритмеде молярдык парциалдык жылуулугу төмөн болгон компонент концентрациясы жогорулайт.

Үчүнчү мыйзамы: 1)Эритменин темп-расын өзгөрткөндөмаксимумга ээ болгон буу басымынын ийри сызыгы, кайноо темп-расынын минимум мааниси ийри сызыгы, эритме буусунун жана азеотроптук эритменин курамы бир багытта (симбаттык) өзгөрөт. 2) Эритменин темп-расын (басымын) өзгөрткөндө, буу басымы минимум маанисинин ийри сызыгы, кайноо темп-расы максимум маанисининин ийри сызыгы эритме буусунун курамы жана азеотроптук эритме курамы карама-каршы багытта (антибаттык) өзгөрөт.

Булактар түзөтүү

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6