Вульвовагинитаялдардын жыныс органынын сыртынын (вульвасынын) жана кынынын сезгенүүсү. Мында жыныс кынынан ак суюктук көп бөлүнөт, жыныс органдарынын сырты дүүлүгүп кычышат, ооруйт. Сырткы жыныс органдары, чурай кызарышы мүмкүн. Өз убагында дарыланса тез айыгуу ыктымал. Ооруну убагында дарылабаса өнөкөткө айланып, жыныс кынынын алдыңкы жана арткы капталы бири-бирине жабышуусу, ал эми кыздарда (3—4 жаштагы) жыныс эриндеринин биригип өсүшү мүмкүн. Вульвовагинитти ар кандай микробдор пайда кылат. Ооруга өздүк гигиенаны сактабоо, жыныс органдарынын сырткы терисинин жана жыныс кынынын былжыр челинин жараланышы, өнөкөт оорулар жана зат алмашуунун бузулушу организмдин коргонуу функциясынын начарлашы түрткү болот. Вульвовагинит энелик бездин гормон чыгаруу функциясы төмөн аялдарда, ал бези жетиле элек кыздарда кезигет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8