Вульфенит (австриялык минералог Ф. Вульфендин ысымынан) — молибдаттар классындагы минерал. Химиялык формуласы Pb[MoO4]. Кошундулары: Са, TR, W, V, U. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Түссүз же бозомук, сары, кызгылт күрөң, алмаз сымал жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5-3. С. салмагы 6,9. Полиметалл кендеринин кычкылдануу зонасында кездешет. Вульфенит коргошун, кээде молибден бөлүнүп алынуучу кен-таш (руда).

Вульфенит

Колдонулган адабияттар түзөтүү