Вильгельм Вундт

Вундт Вильгельм‎»‎ барагынан багытталды)

Вундт, Вилгельм (1832–1920) – немис психологу, физиологу жана философу. Лейпцигде 1879-ж. дүйнөдө биринчи эксперименталдык психологиянын институтун негиздеген. Кийин ал эксперименталдык психологиянын эл-аралык борборуна айланган. Логика, метафизика, этиканы изилдегени менен көпчүлүк убактысын психологиянын маселелерин изилдөөгө арнаган. Анын психологиялык көз караштарынын негизин психофизикалык параллелизм түзөт. Метафизикалык, өзүнө бардыгын камтыган, реалисттик негизделген, идеализм м-н бүткөн дүйнө-таануунун өкүлү. Анын пикирине ылайык, философия, башка илимдердин жардамы менен ачылган жалпы натыйжаларды бирдиктүү, карама-каршылыксыз системага салуу максатын койгон универсалдуу илим. Рух чөйрөсүндө жаратылыштын бардык кубулуштары карамагында болгон себеп жана натыйжанын эквиваленттүүлүгүнүн ордунда, рухтун чыгармачылык күчү көрүнүп турган, энергиянын көбөйүү мыйзамы аракеттенет. Дүйнө – бул рухтун максатка ылайыктуу өнүгүшү, ошондуктан аны кудайдын дүйнөлүк ыктыяры катары кароо зарыл деп эсептеген.

Вилгелм Вундт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8