• 88-сүрө

Гаашия сүрөсү (1) Ороп алуучуОңдоо

  • Меккеде түшүрүлгөн. 26 аяттан турат
  • Кыргызча котормо мааниси
  • Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  • 1. (О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби? (2)
  • 2. Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт.)
  • 3. (Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда…
  • 4. кызыган отко кирет!
  • 5. (Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет!
  • 6. Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок! (3) зарийь бул тикен
  • 7. (Ал) семиртпейт жана тойдурбайт!
  • 8. Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат - куунак!
  • 9. (Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш - аракеттерине ыраазы!
  • 10. Жогорку Бейиште!
  • 11. Анда маанисиз сөздөрдү укпайт.
  • 12. Анда агып турган булактар,
  • 13. Бийик сөрүлөр,
  • 14. (Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр,
  • 15. Сап-сап тизилген жаздыктар
  • 16. Жана төшөлгөн килемдер бар!
  • 17. Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына ?!
  • 18. Асмандын кандай көтөрүп коюлганына..,
  • 19. Тоолордун кандай сайып коюлганына.., (4)
  • 20.Жана жердин кандай жайып коюлганына? (5)
  • 21. (О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң! (6)
  • 22. Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң!
  • 23. Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо,
  • 24. Аны Аллах чоң азапка салат!
  • 25. Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат
  • 26. Кийин алар менен өзүбүз эсептешип алабыз!