Газ-турбиналуу кыймылдаткыч (гтк)

Газ-турбиналуу кыймылдаткыч (гтк) кысылып күйгөн газдын энергиясын газ турбинасынын валында мех. энергияга айлантуучу жылуулук кыймылдаткыч. Анда отундун туруктуу басымда үзгүлтүксүз, туруктуу көлөмдө үзгүлтүктүү күйүшүнөн жумуш процесси аткарылат. Газ генератору, поршендүү компрессору, газ камерасы жанагаз турбинасы бар ГТКны түзүү идеясын биринчи жолу 1791-ж.англиялык ойлоп табуучу Ж. Барбер сунуш кылган. Кийин көп өлкөлөрдүн илимпоздору ГТКны өркүндөтүшкөн. Туруктуу басымда отун үзгүлтүксүз күйүүчү кыймылдаткыч өнөр жайда кеңири колдонула баштаган. Бул кыймылдаткычта компрессордонкүйүү камерасына кысылган аба күйүүчү отун менен кошо жиберилет. Отун күйгөндө аба ысып, газ продуктуларынын күйүүсүнөн пайда болгон энергия газ турбинасында механикалык жумушка айланат. ГТК катуу, суюк жана газ түрүндөгү отундар менен иштейт. Жылуулук жана көчмө электр станциясында, газ, нефть, металлургия жана химия өнөржайында, самолёт, автомобиль жана танк кыймылдаткычтары катары, суу транспортунда күч берүүчү жана энергия иштеп чыгуучу түзүлмө түрүндө кеңири колдонулат. ГТКнын кубатуулугу 100 МБттан ашат жана п. а. к. 35% ке чейин жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү