Гальванопластика (италянча физик galvani менен грек сөзү plastike – чаап жасоо) – гравюра технологиясында – 1. Электролиздин (өзгөчө туздардын суулуу аралашмасындагы электр тогунун таасири) жардамы менен гравюраланган тактанын түп нускасынан металл көчүрмөсүн даярдоо ыкмасы. 2. Басмадан чыгарууда эскирип кетүүдөн сактоочу, гравюра түшүрүлгөн тактанын үстүнө электролиз ыкмасы менен болоттун, никелдин, хромдун эң жука катмарын жаткыруу, к. Скульптура техникасы макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү