Айтиев Гапар Айтиевич

Гапар Айтиев‎»‎ барагынан багытталды)

Гапар Айтиевич Айтиев (1912, Ош облусу – 1984) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. СССР эл сүрөтчүсү (1971), СССР Көркөм академиянын мүчө-корр. (1973), коомдук ишмер.

Гапар Айтиев

Кыргызстандын почта маркасы 2012-ж.
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Гапар Айтиевич Айтиев

Туулган датасы

28 -сентябрь 1912(1912-09-28)

Туулган жери

Төлөйкен,
Ош облусу,
Орусия империясы

Өлгөн датасы

16 -декабрь 1984(1984-12-16) (72 жаш)

Өлгөн жери

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Өлкө

СССР желеги СССР

Жанры

Живопись

Стили

Социалисттик реализм


Кыргыз тарыхында эң алгачкы профессионалдык сүрөтчү катары таанымал.Андыктан анын эң негизги тармагы пейзаж болуп саналат. Анын пейзаж сүрөттөрү жана этюддары, өзүнүн түстүү өзгөчөлүктөрү менен, жана сүрөтчүнүн ой-толгоосу менен сезимдерин бириктирип, кыргыз табигатынын зор эпикалык мүнөзүн бизге жеткирген.

1912. 28 Сентябрда, Ош облусунун, Кара-Суу районундагы Түлөйкен айылында дыйкандын үй бүлөсүндө төрөлгөн.

1932- жылы Кыргыз институтун бүтүрөт. 1932-1934 жылдары Жалал-Абад педтехникумда мугалим болуп иштейт. 1935-1938 жж. Москвадагы "1905-жылдын элесине"көркөм сүрөт окуу жайында Н.П. Крымов менен П.И. Петровичтерден билим алат. 1934-жылдан тартып СССРдин Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын биринчи Республикалык Көркөм коргозмосунун катышуучусу(1934). 1941-1945 жж. Ата Мекендик согушка катышат. 1944-1968- жж. Кыргызстандын сүрөтчүлөр Союзун жетектейт. Жаңы муундагы кадрларды даярдайт жана сүрөт исскуствосунун ар кыл жанры жана түрүнүн өнүгүүсүнө жол түзөт.

1940-1957жж. СССР сүрөтчүлөр Союзунун уюштургуч комитетинин мүчөсү. 1967-жыл. Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун мүчөсү. 1976-жыл.Президиумдун жетекчисинин орун басары. 1977-жыл.жетекчи.ССР сүрөтчүлөр Академиясы. Бишкек.

Гапар Айтиев.
Гапар Айтиев.

Фрунзедеги агартуу ин-тунун (кийинки борбордук педтехникум) тарых-коомчулук бөлүмүн бүтүргөн (1932). Сүрөтчүлүк искусство б-ча атайын билимди Москвадагы “1905-жылды эскерүү” сүрөт окуу жайында Н. П. Крымов менен  П. Петровичевден алган. Ал 1934-ж. Фрунзеде ачылган  I респ-калык сүрөт көргөзмөсүнө “Атанын портрети” (1932), “Колхоз катчысы Имангазы”, ”Түштүк кызы” (1934) деген портреттери менен үйрөнчүк катары катышкан. 30-жылдардын экинчи жарымында жараткан “Колхозчулардын дем алышы”, ”Физкультурниктер”, “Байдагы батрак” сыяктуу жанрдык полотнолорунда сүрөтчү турмуштун маанилүү жактарын чагылдырууга умтулат. Жаш сүрөтчү сүрөтчүлүк жөндөмүн портрет жанрында да сынап, С. Акылбековдун (1937), акын А. Осмоновдун (1938) портреттерин тартты. Ал эми “Көлдөгү кайык” (1939), ”Боз үйлөр” (1940) чыгармалары анын келечекте кыргыз пейзажынын чоң чебери болорун көрсөттү. “Фронттон кат” (1943), “Пахта терүү” (1944), “Колхоз короосу” (1946) аттуу сүрөттөрү А-дин олуттуу ийгилиги болуп, изденүүсүндөгү негизги багытын аныктады. А. бардык жанрлар б-ча ийгиликтүү иштеп келатса да, анын негизги жанры пейзаж. “Кайыктар” (1947), “Жумгал өрөөнүндө” (1949), “Сазда” (1954), “Жалтылдаган көл” (1960) аттуу сүрөттөрү – чыгармадан чыгармага өскөндүгүнүн күбөсү. Чыгармаларындагы образдар жөнөкөй көрүнүштөрдүн сүрөтү катары тартылган м-н, алардын негизинде терең ой, өзгөчө бир ички байланыш, логикалык биримдик, күчтүү көркөмдүк жатат. Мис., “Жайлоодогу чак түш” (1949), “Тоодогу кеч” (1958), “Кыштак четинде” (1956) деген чыгармалары, атактуу “Ысык-Көлдөгү чак түш” картинасы бирин бири толуктап турат. 60-жылдары А. өзгөчө бир ийгиликтерге жетишти. Бул мезгилде ал “Чабандар” (1960–61) аттуу картинасы, “Ысык-Көл – кыргыз деңизи” (бул чыгармалары үчүн Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамл. сыйл. лауреаты болгон, 1967), “Тоодогу чөп чабуу” (1961) деген пейзаждарды жаратты. 60-жылдардын 2-жарымында жараткан “Кыргыз жергеси” аттуу пейзаждар сериясы А-дин чыг-лык өсүшүндөгү жаңы баскычты аныктады. Жанрдык картина менен пейзаждын чоң чебери А-дин кистинен жаралган “Тоо мейкини” (1964), “Чүй өрөөнүндөгү күз” (1965), “Анжияндын айланасы”, “Түштүктөгү кеч” (1967), “Калканар зоо” (1969), “Талаадагы тандыр” (1972), “Көңүл”, “Тоодогу күүгүм” (1973), “Ойлонуу”, Кечки тынчтык” (1974) аттуу чыгармалары сүрөт искусствосунун жогорку үлгүлөрүнөн болуп калды. А. – чебер портретчи болгон. Анын жогорку чеберчилик менен тарткан М. Баетовдун (1949), Ч. Иманкуловдун (1962), элдик уз А. Бекбоеванын живопистик портреттери, сүрөтчү Ж. Кожакметов менен бирге жараткан “Акындар” (1957) аттуу группалык портрети, “Жылкычы”, ”Токтогул” (1958), “Саякбай” (1965) жана акын А. Токомбаевдин (1972) скульптуралык портреттери жалпы көрүүчүлөргө белгилүү. А-дин монументтик искусстводо да айтарлык салымы бар: 1951–54-ж. кыргыз опера жана балет театрынын имаратын жасалгалоого көркөм жетекчи, көрүү залынын плафонундагы роспистин жана театрдагы орнаменттик композициялардын автору. Нарын ш-ндагы революционер Жукеев-Пудовкинге (1971), Фрунзедеги кыргыздын улуу демократ акыны Токтогул Сатылгановго коюлган (1974) эстеликтердин (архитектору А. Исаев) автору. А. узак жылдар бою Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун жетектеп (1940–68), кыргыз сүрөтчүлөрүнө жана жалпы респ-калык сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. А-дин чыгармалары 1934-жылдан жалпы союздук, 1958-жылдан бери эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып келген. 1970-ж. Москвада, 1973-ж. Фрунзеде анын чыгармаларынын өзүнчө көргөзмөсү чоң ийгилик менен өткөн. А-дин эң мыкты чыгармаларынын көпчүлүгү кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин, Алматыдагы Шевченко атындагы сүрөт галереясынын, Львов ш-ндагы сүрөт музейлеринин менчигине айланды. А. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун мүчөсү (1967), Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Председателинин орун басары (8–9-шайланышы). 1969-жылдан Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамл. сыйл. комитетинин председатели. Ленин ордени, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени жана “Ардак Белгиси” ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү