Гаронна ойдуңу, Аквитан ойдуңу — Франциянын түш.-батышында, Гаронна д-нын ортонку жана төмөнкү агымындагы ойдуңдуу түздүк.

Ал Пиреней тоолору, Борб. Франция массиви менен Бискай булунунун ортосунда жайгашкан. Кайнозойдун борпоң тоо тектеринен турат. Бискай булуңунан чыгышка жана түндүктөн түштүкко карай акырындап бийиктейт (200—300 м те чейин). Гаронна ойдуңунда жазы жалбырактуу токой, Кызыл карагай, бадал өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.