Гауптман, Герхарт (15. И. 1862— 6. 6. 1946) — немец жазуучусу, немец натурализминин ири өкүлү.

Йен университетинде окуган. Чыгармачылыгы 80-жылдарда башталган. Гауптманга атак алып келген чыгарма — «Күн чыгаар алдында» (1889) драмасы. Анда ыркы кеткен бурж. үй-бүлө сүрөттөлөт.

«Арабакеч Геишель» (1898), «Роза Бернд» (1903) драмалары кайзердик Германия адебин сындоо жана оокаттан кур жалак калгандарга боор ачуу сезими менен жазылган. Ал «Токуучулар» (1892) драмасында Силезия токуучуларынын 1844-жылдагы көтөрүлүшүн, «Кемчет ичик» (1893) комедиясында ошо кездеги Германиянын социалдык-тарыхый абалын чагылдырган. Гауптман— мындан башка да кеңири белгилүү бир нече роман, пьесалардын ав­тору. Гауптмандын пьесалары Европа, Американын театрларында коюлган. Гауптман «Улуу түш» поэмасында өзүн нацизмдин душманы экенин ачьш билдирген.

1912-ж. Нобель сыйлыгын алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.