Гвоздецкий Николай Андреевич

Гвоздецкий Николай Андреевич [2(15).12.1913, Петербург 10.10.1994, Москва] — физикалык географ, географиялык илимдер доктору (1949), профессор (1951), коомдук жана РСФСРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1974). МГУну бүткөн (1938). 1938-46-ж. Кызыл (1946-жылдын февралынан советтик) армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1946-48-ж. Москва мамлекеттик педагогикалык инстититутунда, 1948-жылдан МГУда, 1959-87-ж. чейин ошол эле жерде кафедра башчысы болуп эмгектенген. Гвоздецкий 600дөн ашык ил. эмгектин (андан ичкери 50дөн ашыгы Кыргызстандын геогафиясы боюнча) жана карст ландшафтын окутуунун автору. Эмгектери карст жана ландшафттаануу, физикалык географ райондоштуруу проблемаларына, Кавказ, О. Азия, Казакстандын, бир катар чет өлкөлөрдүн физ. географиясына арналган. ЖОЖдор үчүн окуу китептерди, хрестоматияларды түзгөн. Эмгектери: Карст. М., 1954. М., 1981; Физическая география Кавказа. М., 1954-1958. Выпуск 1-2; Кавказ. М., 1963; Советские географические исследования и открытия. М., 1967; Физико-географическое районирование СССР. М., 1968 (соавтор); Физическая география СССР. 3-е издание М., 1969-1970. Т. 1-2 (соавтор); Основные проблемы физической географии. М., 1979; Горы. М., 1987 (соавтор); Карстовые ландшафты. М., 1988.

Колдонулган адабияттар түзөтүү