Гед Жюль (өз аты-жөнү — Матьё Базиль) (11. 11. 1845, Париж — 28. 7. 1922, Сен-Манде) — франц. жана эл аралык соц. кыймылдын ишмери, Франция жумушчу партиясын негиздөөчүлөрдүн жана 2-Интернационалдын лидерлеринин бири.

Мугалим үй-бүлөсүнөн. 1860-жылдарда республикалыкк кыймылга кошулуп, Париж менен Тулузадагы респ-калык басма сөздөрдө кызмат кылат.

1871-ж. Париж Коммунасын колдогондугу үчүн 5 жылга кесилет, бирок чет өлкөгө качып кетет. 1876-ж. Гед Францияга кайтып, жумушчу кыймылына катышат. К. Маркстын эмгектерин үйрөнүп, П. Лафарг менен бирге биринчилерден болуп Францияда марксизмди пропагандалайт.

Биринчи дуйн. согуштун башталышынан Гед социал-шовинисттик позицияга отуп, Франциянын импер.өкмөтүнө кирет. Бул анын кадыр-баркынын төмөндөшүнө алып ке­лет. Францияда компартия түзүлгөндөн кийин (1920), социалисттердин негизги массасы ага кирсе да, Гед Соц. партияга мүчө бойдон кала берген.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.