Гельфрейх, Владимир Георгиевич

Гельфрейх, Владимир Георгиевич (1885, Петербург – 1967, Москва) – советтик архитектор, Социалдык Эмгектин Баатыры (1965). Петербург көркөм сүрөт академиясында Л. Н. Бенуадан таалим алган (1906–14-ж.). Архитектор В. А. Щуко менен Ленинградда Смольный дарбазасын (1923-25), Москвадагы В. И. Ленин атындагы китепкананын жаңы имаратынын (1928-40), Дондогу Ростовдо (Ростов-на-Дону) жайгашкан М. Горький атындагы драма театрдын (1930–35) имараттарын өз алдынча Сухумидеги Өкмөт үйүнүн долбоорун түзүп чыккан; архитектор И. Е. Рожин менен Москвадагы метрополитенди (“Новокузнецк” станциясынын вестибюлу, 1943; “Электрозавод” станциясынын, 1944) жана Смоленск аянтындагы Тышкы иштер министерствосунун имаратын долбоорлогон (1948–52). Анын жетекчилиги менен Кутузов проспекти кайра курулган. Ал Ленинград көркөм сүрөт академиясынын (1918–35), Москва жогорку көркөм өнөр жай окуу жайынын (1959–67) профессор болгон. Эки жолу (1946, 1949) СССР мамлекеттик сыйлыгын алган. Эки Ленин ордени, башка 5 орден жана медалдар менен сыйланган.

Владимир Гельфрейх

Колдонулган адабияттар түзөтүү