Гемолимфа (гемо... жана лимфа) — көптөгөн омурткасыз жаныбарлардын (муунак буттуулар, онихофоралар, моллюскалар жана башка) туюк эмес кан айлануу системасынын кан тамырларында айлануучу түзсүз же жашыл суюктук. Гемолимфа туюк кан айлануу системалуу жаныбарлардын каны жана лимфасы аткарган функцияны эле аткарат: O2 жана СO2, азык заттарын жана бөлүп чыгаруу продуктуларын ташыйт (курт-кумурскалардын трахея системасы өөрчүгөндүктөн, гемолимфа газ ташууга катышпайт); организмди коргоо, осмосту жөнгө салуу жана башка функцияларды аткарат. Дем алуу пигменттерин (гемоцианин жана гемоглобин) үзгүлтүксүз кармап турат. Гемолимфанын курамына клетка элементтери кирет. Айрым курт-кумурскалардын гемолимфасы күчтүү уу чыгаргандыктан, жырткычтар аларды жей алышпайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү