Географиялык союз эл-аралык — дүйнө географтарынын эл-аралык уюму. 1922-ж. негизделген. Эл-аралык географиялык союзга 90дон ашуун мамлекет мүчө. Географиялык союздун максаты: географиянын проблемаларын изилдөөгө көмөктөшүү (айрыкча эл-аралык көмөктөшүүнү талап кылган суроолорду чечүү боюнча); алардын илимий талкуулоосун камсыз кылуу жана жыйынтыгын басып чыгаруу; эл-аралык жана региондук конференцияларды өткөзүү; конгресс арасында эл-аралык географиялык союздун милдетин аткаруучу комиссиянын курамын бекитүү жана башка географиялык союздун башкаруу органдары мүчө өлкөлөрдүн улуттук делегацияларынын башчыларынан шайланган Генералдык ассамблеядан (4 жылда бир жолу конгресс учурунда чогулат), аткаруу комитетинен (президент, вице-президент жана генералдык катчы) турат. Генералдык ассамблея дайындаган аткаруу комитетине Эл-аралык географиялык союздун иш-чаралары жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Эл-аралык географиялык союзга Эл-аралык картография жана Эл-аралык төртүнчүлүк доорду изилдөө ассоциациялары кошулган. Эл-аралык географиялык союздун демилгеси менен «Бюллетень» (жылына 2 номур) жарык көрүп турат. Анда конгресстер менен конференциялар жөнүндө маалымат, комиссиянын иши жөнүндө көрсөтмөлөр, Эл-аралык картография ассоциясынын маалыматтары көрсөтүлөт. Эл-аралык географиялык союз компссиялары географиянын жаңы актуалдуу багыттарынын өнүгүшүнө көмөктөшөт (өнөржай жана улуттук отурукташуу системалары, айыл чарбанын өнүгүүсү жана башка), жаңы ыкмаларды пропагандалап (системалык анализ жана математикалык моделдештирүү, географиялык маалыматтарды топтоо жана колдонуу), эл-аралык мүнөздөгү ыкмаларды камтыган көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат (геоморфологиялык съёмка жана картага түшүрүү), ошондой эле географиялык терминологияны унификациялайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү