Геологиялык каpтa түзүү, геологиялык съёмка — геологиялык карталарды түзүү жана кен байлыктарды табуу максатында жүргүзүлүүчү геологиялык изилдөө жумуштары. Геологиялык каpтa түзүүдө кезеги менен төмөнкүдөй жумуштар аткарылат. Адегенде даярдык көрүү — мурдагы геологиялык маалыматтар менен таанышуу жана керек материалдарды (топографиялык карта, аэрофото сүрөт ж. б.) даярдоо; талаа жумуштары — жер бетиндеги тоо тектер жаткан жеринде тикелей же ар кандай казындылардын жардамы менен түзүлүшү, калыңдыгы, курамы ж. б. изилденип, алардын таралуу чектерин топографиялык картага түшүрүү, аны менен бирге түрдүү тоо тектердин, минералдардын жана ташка айланган байыркы жандык менен өсүмдүк калдыктарынын үлгүлөрүн жыйнап, кендерден сынамык алуу; калаа (камералдык) иштерин аткаруу — талаада чогултулган геологиялык материалдарды жыйынтыктоо, сынамыктарды лабораториялык ар түрдүү анализден өткөрүү, геологиялык картаны толуктап, анын тиркемелерин жана кошумча карталарын түзүү, түшүндүрмө жазуу. Геологиялык изилдөөлөрдүн тактыгы жүргүзүлгөн Геологиялык каpтa түзүү масштабына жараша чакан (1:1000 000, 1:500 000), орто (1:200 000-1:100 000), ири масштабдагы (1:50 000-1:25 000) жана дыкат болуп бөлүнөт. Геологиялык карта түзүүдө геофизика, геохпмия, геоморфология илимдеринин ыкмалары жана бургулоо жумуштары, ошондой эле лабораториялык анализ, аэросүрөттөрдү талдоо ж. б. кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү