Геологиялык экспедиция

Геологиялык жумуштарды кенири аймакта жүргүзүүчү өндүрүштүк мекеме. Геологиялык экспедиция эл чарбасына керектүү кен байлыктарды ачуу максатында геол. жумуштардын бардык түрүн пландуу түрдө жүргүзүп, өз алдынча чарб. эсепте турат.

Коюлган максатка, жумуштун мүнөзүнө карай комплекстүү жана адистештирилген, ал эми жумуштардын аткарылышы мөөнөтүнө жараша туруктуу жанa мезгилдүү Геологиялык экспедиция деп бөлүнөт. Комплекстүү Геологиялык экспедиция геол. жумуштардын ар кандай комплекстерин (геол. съемка, издөө, чалгындоо ж. б.) ишке ашырат, адистештирилген Геологиялык экспедиция бир гана профилдеги геол. жумуштарды жүргүзөт. Геологиялык жумуштар үзгүлтүксүз жыл бою бир эле аймакта жүргүзүлсө, ал жерде туруктуу өндүрүштүк техникалык жанa жашоо-тиричилик базасы болсо, туруктуу Геологиялык экспедиция деп, ал эми базасы жок эле бир-эки сезон иштөөгө уюшулса, мезгилдүү Геологиялык экспедиция деп ата­лат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.