Гербицид-аммиак машинасы

Гербицид-аммиак машинасы - топуракка аммиак суусун жанa отоо чөптөргө каршы гербицид чачкыч машина.

Машина тракторго асылып орнотулат же культиватор, соко, сеял­ка ж. б. машина менен агрегатташтырылат. Анын эритинди куюлуучу ре­зервуары (идиши), насосу, сормобасым коммуникациясы, вакуум түзүлүшү, асма системасы, штангасы бо­лот. Алым кеңдиги 1—15 м. Идиши 560 литрлик. Саатына 0,5—3 га аянтка аммиак суусун чачат. Жер семирткич 8—18 см терендикке чачылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.