Герусия [байыркы грек тилинде γερουσία (γέρων деген сөздөн) – карыя», «аксакал, сакалдуу адам»] Байыркы Грекиянын шаар-мамлекеттериндеги көбүнчө ак сөөктөрдөн турган аксакалдар кеңеши. Кеңеш элдик чогулушта карала турган мамлекеттик маанилүү иштерди талкуулаган. Герусиянын мүчөлөрү геронит деп аталып, өкмөттүк жогорку органды түзүп, олигархиялык түзүлүшкө таяныч болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү