Герцин бүктөлүшү, варис бүктөлүшү – геосинклиналь облусундагы тоо тек катмарларынын каледон бүктөлүшүнөн кийин, палеозой заманынын 2-жарымында (девондун аягы триастын башталышы) болуп өткөн ургаалдуу бүктөлүү. Герцин бүктөлүшүнүн натыйжасында тоо системалары (Герцин Европасы ж. б.) герциниддер пайда болуп, гранитоид интрузияларынын магматизми күчөгөн. «Герцин бүктөлүшү» деген аталышты Ортоңку Европадагы тоо системасы боюнча француз геологу М. Бертран берген, «варис бүктөлүшү» деген атты азыркы Саксония, Тюрингия, Бавария облусунун байыркы аты (Cur Variscorum) боюнча австралиялык геолог Э. Зюсс киргизген. Герцин бүктөлүшү бир нече фазадан (бретон, судет, астурий, зааль жана пфальц) турат. Бүктөлүүнүн эң күчөгөн фазасы ташкөмүр мезгилинин орто ченинен тартып, алгачкы пермь мезгилин кошо камтыган. Жаңы-Жер аралы, Таймыр, Урал, Казак Сары-Аркасынын батыш бүлөгү Түштүк жана Ортоңку Теңир-Тоо структуралары Герцин бүктөлүшүнө кирет. Батыш Европада Түштүк Англия, Британ массиви, Борбордук Француз массиви, Судет тоолору ж. б., Америкада Аппалачинын түндүк жарымы жана Анд тоолорунун борбордук бөлүгүнүн чыгышы Герцин бүктөлүшү зонасына тиешелүү. Герцин. бүктөлүшүнүн айрым бөлүктөрү Австралиянын чыгышында, Түндүк Африкада жана Канада архипелагында да бар. Герцин бүктөлүшү менен Урал, Алтай, Түндүк Кавказ жана Казакстандын жез, коргошун, цинк, Урал ж. б. жерлердин платина, хромит, титан-магнетит, асбест кендери байланыштуу. Герциндин гранитоид интрузияларынын натыйжасында Европа, Азия жана Чыгыш Австралияда коргошун, жез, калай, вольфрам, алтын, күмүш жана урандын көптөгөн кендери пайда болгон. Кыргызстандагы түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдардын ири кендери Герцин бүктөлүшүнө дуушарланган тоо тектерде кезигет. Герцин бүктөлүшүндө пайда болгон алдыңкы жана тоо аралык ойдуңдарда таш көмүр, калий жана таш туздардын ири бассейндери топтолгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү