Гетероауксин (гетеро... жанa аук­син), бета-индолилуксус кис­лотасы, Ci0H9NO2 — өсүмдүктөрдүн өсүшүнө таасир кылуучу физиологиялык активдүү химиялык зат (өсүү гормону); ауксиндердин эң кенири таралгандарынан.

Аны 1934-жылы голландиялык химик Ф. Кёгл ачкан. Ауксиндерден жалгыз гана Гетероауксин синтезделет. Гетероауксин татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн, кээ бир козу карындардын, микроорганизмдердин составында, айбанаттардын жанa кишинин шилекейинде болот. Айыл чарбада Гетероауксин өсүмдүктөрдүн жанa калемчелердин тез тамыр алышы үчүн С, В витаминдеринин тобу менен бирге кол­донулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.