Гетероциклдүү бирикмелер

Гетероциклдүү бирикмелер — шакекчеде көмүртек атомунан башка азот, кычкылтек, күкүрт, фосфор ж.б. элементтер кармап турган органикалык бирикмелер. Мезгилдик системадагы валенттүүлүгү экиден кем эмес элементтер бардыгы гетероциклдүү бирикмелерди пайда кыла алат. Бирок, алардын ичинен N, О, S айрыкча N менен O атомдору бар Г. б. жаратылышта алкалоиддер, витаминдер, пигменттер түрүндө өтө кенен тарап, биологиялык процесстерде негизги ролдорду ойнойт. Жаратылышта кезигүүчү заттар көпчүлүгү гетероциклдүү бирикме; аларга өсүмдүк хлорофилли, нуклеин кислоталары, алкалоиддер дээрлик бардыгы, пеницилин, РР, В, В6, В12 витаминдери, медицинада колдонулуучу дары-дармектер болжол менен жарымы, индиго ж.б. тиешелүү. гетероциклдүү бирикме өтө эле ар түрдүү жана бири биринен циклдеги атомдордун саны, гетероатомдор жаратылышы, циклде жөнөкөй жана кош байланыштардын бардыгы менен айырмаланат. Булардан башка гетероциклдеги суутек атомдору башка атомдор жана атомдор топтору менен орун алмашуусунан, гетероядролор ароматтык ядро менен конденсацияланышынан да пайда болот. Натыйжада, азыркы мезгилде Г. б. синтездеп алуунун көп методдору сунуш кылынган. Демек, Г. б. саны ациклдүү бирикмелер санынан аз эмес. Г. б. ичинен практикада маанилүүлөрү 5 жана 6 мүчөлүүлөр. Мындай Г. б. Түзүлүштөрү төмөндөгүдөй:

Бул бирикмелер фуран (I), тиофен (II), пиррол (III), пиразол (IV), оксазол (V), бензтиофен (VI), бензтиазол (VII), пири-дин (VIII), пиперидин (IX), пиран (X), оксазин (XI), пиримидин (XII), хинолин (XIII), акридин (XIV), фентиазин (XV). Бул бирикмелер көпчүлүгү (IX жана X башкалары) ароматтык касиетке ээ. Пиридин (XIII) жана фентиазин (XV) туундулары медицинада дары-дармек заттар катарында колдонулат. Пиримидин (ХII) туундулары (пиримидин негиздери) ДНК менен РНКнын курамында кездешет. Каныккан (мис., IX) жана ароматтык ка-сиеттерге ээ болбогон каныкпаган (мис., X ж. д. у. с.) беш жана алты мүчөлүү Г. б-дин хим. касиеттери ачык чынжырлуу аминдерге, эфирлерге жана сульфиддерге окшош. Г. б-ден өнөр жайларда дары-дармектер, синтездик чайырлар алынат.

Ад..: 1. Гетероциклические соединения / Под. ред. Р. Эльдерфилда, пер. с англ. Т. 1-8,1953-1969; 2. Паккет А. Основы современной химнн гетсроциклических соединекий, пер. с англ. М. 1975.

Колдонулган адабияттар түзөтүү