Гидротехника - (гидро... жана техника) – илим жана техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деңиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу жана гидротехникалык курулмалардын жардамы менен суу кырсыгынан сактануу маселелерин камтыган тармагы. Гидротехника колдонмо илим катары гидравлика, гидромеханика, гидрология, гидрогеология, кыртыш механикасы, курулуш механикасы, инженердик геология ж. б. илимдерге таянат жана суу чарбасын тейлөөчү инженердик илимдердин татаал комплекси болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо жана конструкциялоо, куруу жана пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгат. Гидротехника энергетика, ирригация муктаждыктары, ошондой эле суу менен камсыз кылуу үчүн плотина менен шлюздун, суу шилендисине каршы курулманын жаңы типтерин, дарыя агымын жөнгө салуу ыкмаларын, ГЭСтин оригиналдуу конструкциясын иштеп чыгат; курама-бетон курулмаларынын жаңы конструкциясын түзөт. Гидротехника гидрология, гидромеханика, гидравлика сыяктуу суу жөнүндөгү илимдерге таянат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү