Гидpолокация (гидро... жана латынча lokatio – жайгашуу) – үн толкунунун жардамы менен суу алдындагы объектилердин жайгашуу ордун, ылдамдыгын жана аларга чейинки аралыкты аныктоо. Объектилердин абалын аныктоо алардан чыккан үн сигналдары (пассивдүү локация) же аларга атайын жиберилген үн сигналдарынын суу алдындагы объектилерден чагылышы (активдүү локация) аркылуу жүргүзүлөт. Сууда үндүн таралуу ылдамдыгы, нурлануу моменттерин жана үн сигналын кабыл алуу убактысы боюнча объектиге чейинки аралык, кайра чагылып келген сигналдын багыты боюнча объектиге карай багыт аныкталат. Гидролакация кемелерди (суу алдындагы кайыктарды) байкоодо, балыктардын үйүрүн, деңиз жана океандын түбүн изилдөөдө пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү