Гилязетдинов, Ильгиз Талипович

Гилязетдинов Ильгиз Талипович (Ильгиз Талип) - жазуучу, акын, котормочу. Ильгиз Гилязетдинов 1938-жылы 1-январда Жаңы-Жол Аксы районунун Ак-Суу кыштагында туулган. Аксуу орто мектебин аяктагандан кийин Жаңыжол райаткомунда бөлүм башчы болуп иштейт.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
1961–1971-жж. Кыргыз ССРинин радиоуктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде жаштар, адабий-музыкалык берүүлөр редакцияларында редактор, ага редактор, башкы редактордун орунбасары болуп иштейт.
1971–1982-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгында жооптуу катчы,
1983–1991-жж. Республикалык саясий-сатиралык «Чалкан» журналында башкы редактордун орунбасары,
1991–1999-жж. Парламенттик, өкмөттүк «Эркинтоо» гезитинде башкы редактордун биринчи орунбасары, баш баяндамачы кызматтарын аткарат.

И.Гилязетдиновдун алгачкы адабий чыгармалары мектепте окуп жүргөн кезинде республикалык, облустук жана райондук гезиттерге жарыяланган. Студент кезинде анын ыр, аңгемелери гезит-журналдар менен катар, «Тартуу», «Жалын» сыяктуу жыйнактарга да басылат.
И.Гилязетдинов котормо жаатында үзүрлүү эмгектенип, И.Буниндин «Кыштак», Абайдын «Накыл сөздөрү» С.Маршактын «Мунар-мунарча», Софокльдын «Антигона», Н.Басовдун «Жолборс баяны», Р.Мустафиндин «Абышка менен ажал», Г.Губайдын «Маякчынын кызы» сыяктуу повесть, аңгеме, драмаларын, Л.Толстой, А.Чехов, М.Жалил, М.Танк, П.Бровка, Р.Гамзатов, К.Кулиев, М.Карим, Ж.Икрами, Р.Кутуй, Н,Хубиев, И.Рустамбеков, Я.Шиваза, С.Сияев сыяктуу акын-жазуучулардын чыгармаларын которгон. Кыргыз окурмандары «Эдигей» (татар), «Маадай кара» (хакас) эпосторунун айрым главалары менен анын котормосунда таанышкан. И.Гилязетдинов ондогон фильмдерди да кыргызчалаган.
И.Гилязетдиновдун бир катар сатиралык чыгармалары орус, казак, өзбек, татар тилдерине которулган.
Ага 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмер» наамы ыйгарылган. «Эмгектеги каармандыгы», «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланган.
И.Гилязетдинов СССР Жазуучулар, СССР Журналисттер союздарынын мүчөсү.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

Ардактуу адам. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 20 б.

Кулунчак: Аңгемелер жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1985. – 138 б.

Сиздин таанышыңыз эмеспи?: Сатиралык аңгемелер, интермедиялар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 155 б.

Шапата. Ырлар жана поэма – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 52 б.

Ырларымда жан сырым: Ырлар. – Б.: Плюс, 2004. – 316 б.

Мекендин чыныгы уулу. – Б., 2005. – 210 б.

Кыргызстандын баш багбаны. – Б., 2006. – 52 б.

Күрдөөл: Ырлар. – Б., 2008. – 315 б.

Котормолору түзөтүү

Г.Губай: Маякчынын кызы: Проза. – Ф.: Мектеп, 1961. – 10 б.

С.Маршак. Мунар-мунарча: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1979, – 22 б.

Носов Н.Н. Жолборс жөнүндө: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1984. – 14 б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү