Гиперген кендери - (гипер... жана ...ген) – седиментоген кендери, экзоген кендери жер бетинде пайда болгон кендер. Гипер кендери жер бетинде жана анын кыртышынын чамалуу гана тереңдигинде, ошондой эле көл, деңиз, океан түбүндө, саздарда механикалык, биогеохимиялык процесстердин натыйжасында пайда болгон кендер. Мында процесстер адегенде тереңдикте жүрүп, кийин жер бетине чыгып калган тоо тектер менен кендердин минералдык заттарына таасирин тийгизип, аларды өзгөртүп, ажыроого учуратат. Гиперген кендери. калдык, инфильтрация, чачынды (россыпь) жана чөкмө болуп бөлүнөт. Калдык гиперген кендери. үбөлөнүү зонасында эриген минералдык кошундулар суу менен агып, эрибеген же начар эриген калдыктар ошол орунда калып калышынан пайда болот. Инфильтрация гиперген кендери. жер астындагы суулардын курамындагы баалуу заттардын (уран, жез, күкүрт) чөгүүсүнөн, чачынды гиперген кендери тоо этектеринин, дарыя жана деңиз жээктеринин борпоң чөкмө тоо тектеринде оор жана баалуу металлдар менен минералдардын (алтын, платина, вольфрамит, касситерит, циркон, ильменит, алмаз ж. б.) топтолуусунан пайда болот. Чөкмө гиперген кендери деңиз жана континенттик суулардын түптөрүндө чөкмөлөрдүн (көмүр, күйүүчү сланецтер, нефть, күйүүчү газ, туз, фосфориттер, темир, марганец, алюминий, уран, жез, ванадий кен таштары; кум-шагыл, чопо, акиташ ж. б.) жыйналуусунан пайда болот. Өнөр жайлык маанидеги кен байлыктардын ирилери гиперген кендери менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү