Гиперстен - (гипер... жана грекче sthеnos – күч, бекемдик) – пироксендер тобундагы минерал. Химиялык формуласы (Fe, Mg)2[Si2O6]. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү кочкул жашылдан кара күрөңгө чейинки түстөрдө. Айнектей жаркырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5–6, тыгыздыгы 3,3–3,5 г/см3. Г. магмалык негиздүү тоо тектерди түзүүчү минерал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү