Гистерезис - (грекче hysеtresis артта калуу, кечигүү) – нерсенин абалын мүнөздөөчү физикалык чоңдуктардын өзгөрүшүнүн сырткы шарттарды аныктоочу башка физикалык чоңдуктардын өзгөрүшүнөн кечигип артта калышы. Гистерезис түрдүү шарттарда жана ар кандай физикалык процесстерде байкалат. Анткени нерсенин абалын өзгөртүү үчүн кандайдыр бир убакыт талап кылынат. Гистерезис кубулушунун маанилүү түрлөрү (диэлектрдик, магниттик, серпилгичтүү гистерезис) бар. Магниттик гистерезис магнит материалдарда, мисалы, ферромагнетикте, диэлектрдик гистерезис демейде сегнетэлектриктерде, мисалы, барий титонатында, ал эми серпилгичтүү истерезис же деформациянын гистерезиске көз карандылыгы бардык реалдуу материалга чоң механикалык таасир болгондо байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү