Глиссер - (французча glisseur, glisser – сыйгалануу) – тез жүрүүчү жеңил кеме. Глиссер жүрүп баратканда, түбү өзгөчө формада болгондуктан, гидродинамикалык күч тумшук жагын өйдөлөтүп, кеменин жогору көтөрүлүшүнө шарт түзөт (кеме суунун үстүндө калкып жүргөндөй таасир калтырат). Натыйжада кеменин түбүнүн суу менен тийишүү аянты азаят, кыймылга болгон каршылык төмөндөйт жана жүрүү ылдамдыгы жогорулайт. Глиссерде ичинен күйүүчү жана газ турбиналуу жеңил кыймылдаткычтар орнотулат. Кыймыл бергич катары винттүү калактар, суу ыргыткычтар кызмат кылат. Глиссер жүргүнчү ташууда, коргоо кызматында, спортто, сейилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү