Глобалдык жаңы тектоника

Глобалдык жаңы тектоника – геологиядагы тектоникалык теория. Ал боюнча Жердин литосферасы кыймылдуу болгондуктан, башкача айтканда литосфералык плиталардын системасы катары каралып, плиталар бири-бири менен өз ара аракеттенүүлөрүнөн чегараларды бойлой сейсмдик жана тектоникалык активдүүлүк пайда болот. Океан ортолук кырка тоолорго жакын литосфералык плиталар жер түпкүрүнөн чыккан заттардын эсебинен туш тарапка чоюлуп, чоңоёт (спрединг). Тереңдиктеги кобулдарда бир плита экинчи плитанын астына кирип (субдукция), мантияга тереңдеп сорулуп кетет. Ал эми плиталардын тирешүү жана кысылуу зоналарында бүктөлүү түзүлүштөрү (тоолор) пайда болот. Глобалдык жаңы тектоника плиталар тектоникасы, литосфера плиталарынын тектоникасы жана плейттектоника деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү