Говерла
Говерла – Украина Карпатынын эң бийик жери, Кара-Тоо (Черногора) массивиндеги чоку. Иван Франко областында. Бийиктиги 2061 м. Жону томпок, кумпа сымал. Капталдарына бук жана ийне жалбырактуу токой, субальп шалбаасы мүнөздүү. Туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4