Голубин, Владимир Николаевич

Голубин, Владимир Николаевич (1909, Анжеро-Суженск ш. – 1993, Бишкек ш.) – геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1953). Орто Азия политехника ин-тунун геол. чалгындоо факультетин бүтүргөн (1932). Кыргыз ССР Геол. башкармасынын башкы геологу, башкы инженери, начальниги (1938–61), Казак ССР Геол. башкармалыгынын начальниги (1954–56). Кыргызстандын кен байлыктарын ачуу, чалгындоо ж-а анын геол. жумуштарын өркүндөтүүдө олуттуу салым кошкон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (5-шайл.) депутаты. Сейрек кездешүүчү металлдын Кыргызстандагы ири кендерин чалгындоого активдүү катышкан. Эки Эмгек Кызыл Туу (1952–53), «Ардак Белгиси» (1951) ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү