Грабен-синклиналь - тоо тек катмарларынын томен ийилген бүктөлүүсү.

Тектоникалык жаракалар боюнча синклиналдын канаттары жогору көтөрүлүп, ал эми борбордук бөлүгү грабен сымал төмөн түшүүсүнөн келип чыгат. Грабен-синклиналь жер кыртышынын консолидацияланган аймактарына мүнөздүү (мис., Борбордук Казакстан).

Кыргызстандагы тоо аралык өрөөндөр (Суусамыр, Тогуз-Торо, Боз-Жалпак, Кекемерен) неотектоникалык тиби боюнча Грабен-синклиналь болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.