Градустук өлчөө - Жердин өлчөмүн жана кебетесин (фигурасын) аныктоо үчүн жер бетинде өтө тактык менен аткарылуучу астрономиялык жана геодез. өлчөө.

Жердин шар түрүндө экендиги белгилүү болгондон тартып Градустук өлчөөнүн геометрикалык негизи түзүлгөн жана ал астрономия, геодезия, география, картография илимдери үчүн Жер шарынын радиусун аныктоо зарылдыгынан келин чыккан. Алгачкы Градустук өлчөө эки чекит аралыгындагы меридиан жаасынын сызыктуу узундугун өлчөө жана ошол эле чекиттердин географилык кеңдиктеринин айырмасын астрономиялык байкоо жолу менен аныктоодоп турган.

Мында Жер шар формасында деп каралып, анын меридианынын градустук узундугу жана өлчөмү аныкталган. Тарыхта алгач ирет Жер шарынын радиусун Градустук өлчөө методу менен грек окумуштуусу Эратосфен (б. з. ч. 250-ж. чамасында Египетте жашаган) өлчөгөнү белгилүү. Кийин, 18-кылымдын башталышында Жер сфероид формасында, ал эми кыймылы эллипсоиддин айлануусуна жакын экени аныкталды.

Градустук өлчөө маселеси Жердин экватордук, уюлдук радиустарын жана анын кысылышын аныктоодон келин чыкты. Мындай маселелерди чечуүдө бирден бир зарыл шарт меридиандын эки жаасын градустук өлчөө же ар түрдүү кеңдикте жайгашкан параллелдер жүргүзүлөт. Жердин кебетеси чынында өтө татаал, аны так эллипсоид катары кароого болбойт; анын келбетин матем. түрдө белгилөө үчүн геоид сунуш кылынган. Градустук өлчөө маселесинде геоидге өтө жакын болгон жер сфероидинин өлчөмүн аныктоо жана ал сфероидден геоиддин айырмасы үйрөнүлөт.

Сызыктуу өлчөмдөгү жер бетинен тандап алынган пункттардын арасындагы аралык триангуляция методу менен ченелет, мисалы, кеңдик жана узундукту аныктоо үчүн буп пункттар астрономиялык байкоого алынат. Бул учурда пункттардын арасындагы аралыкты градустук чендө эсептөөгө мүмкүнчүлүк болот. Мында ал райондогу геоид фигурасын мүнөздөөчү дал келген жаалардагы ийрилик радиусу эсептелет.

Градустук өлчөөлөрдүн натыйжасында топографиялык карталардын (к. Топография) негизи — астронимиялык-геодезиялык торлор түзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.