Граммафон (гр. gramma — тамга, жазуу жана phone — үн) — механика түзүлүштөгү граммофон пластинкасынан үндү кайра угузуучу аппарат.

Граммафон иштегенде анын айланын жаткан грампластинканын спираль түрүндөгү сайы боюнча кыймылдаган граммофон ийнесинин үчүнун механикалык термелиши мембранага берилип, үн термелүүсүн чыгарат да, ал рупор аркылуу күчөтүлүп угузулат.

Граммафондун патефон (1940), азыр электр ойноткуч, электрон сыяктуу түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.