Грандин, Игорь Николаевич

Игорь Николаевич Грандин (22.06.1964; Ысык-Көл облусундагы Ананьево кыштагы, Кыргызстан – 29.10.2014, Константиновка кыштагы, Аламүдүн району, Кыргызстан) – кыргызстандык заманбап тарыхчы жана окутуучу-педагог, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доцентинин милдетин аткаруучу; тарых илимдеринин кандидаты (2007). Теги – орус.

Игорь Николаевич Грандин, кыргызстандык тарыхчы. КУУ, Бишкек. Бугу (май) айынын 19у, 2012-жыл.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Игорь Николаевич Грандин 1964-жылы 22-июнда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ананьево кыштагында туулган.

1986-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.

Аталган факультетте Азия жана Африка өлкөлөрүнүн жана Кыргызстан тарыхы боюнча дарстар окуган, семинарлар өткөргөн, практикалык иштерди жетектеген.

2007-жылы академик Бегимаалы Жамгырчинов (1914-1982) тууралуу кандидаттык диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

 
Жусуп Баласагын атындагы КУУ. Башкы имарат.

Өмүрүнүн акырына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде тарых жана чөлкөм таануу факультетинде окутуучу, ага окутуучу жана доценттин милдетин аткаруучу болуп эмгектенип келди.

Ал Кыргыз Тарых Коому эл аралык коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон (2012-жылдан).

Жаш кезинде күрөш боюнча СССРдин спорт чеберине талапкер (кандидат) даражасын алган.

2014-жылы 29-октябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы өзү байырлаган Константиновка кыштагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Анын сөөгү 2014-жылы 1-ноябрда ишемби күнү Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы өзү байырлаган Константиновка кыштагында түбөлүк жайына берилди.

 
Кыргызстандык тарыхчылар Игорь Николаевич Грандин менен Жакшылык Бердибек уулу маркум этнограф Какен Мамбеталиеванын 75 жылдыгына арналган илимий жыйын маалында. КУУ. Бишкек. 2012-жылдын 19-майы.

Эмгектеринин кыскача тизмеси түзөтүү

  • Грандин И.Н. Академик Джамгерчинов Б.Д. – видный ученый-историк, общественный деятель и педагог Кыргызстана. Автореферат диссертации на соискание ученой степени кандидата исторических наук. Специальность 07.00.02 – История Кыргызстана. – Бишкек, 2007. – 25 стр.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү