Гречко Всеволод Васильевич

Гречко Всеволод Васильевич (1934, Пржевальск (Каракол) ш. - 2002, Бишкек) - геогр. илиминин кандидаты (1967), профессор (1992).

1957-ж. КМУну бүтүргөн. 1970-ж. чейин Кыргыз ИАнын экономика институтунда кенже, ага ил. кызматкер болуп иштеген. 1970-жылдан КМУнун география факультетинин экономикалык геогр. кафедрасында ага окутуучу, доцент, кафедра башчысы, профессору, 1975-78-ж. геогр. факультетинин деканы, кийин университеттин сырттан окутуу боюнча проректору болуп иштеген.

Ал экономикалык жана социалдык геогр. боюнча Кыргызстандагы белгилүү адис. Анын ил. эмгектери негизинен Кыргызстандын түштүгүнүн айыл чарбасын изилдөөгө багытталган («Ош облусунун айыл чарбасы» ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2