Даават бул жөнөкөй тил менен айтканда, элди Ислам динине үгүттөө, чакыруу. Ислам дининдеги эң сооптуу жана ар бир мусулманга парз болгон амалдардан. Даават кылуунун максаты мусулмандарга Ислам дини тууралуу кененирээк түшүнүк берүү жана мусулман эмес адамдарга Жараткан Алланын жалгыз экенин жана Мухаммед С.А.В пайгамбар анын элчиси экенин жеткирүү болуп саналат.