Давид куруучу, Давид IV Георгиевич (1073-ж. ченде – 1125) – Багратиони династиясынан чыккан грузин падышасы. Грузин княздыктарын бир мамлекетке баш коштурууга көмөктөшкөн ири мамлекеттик ишмер. 1097-ж. селжуктарга салык төлөөнү токтотуп, Грузиянын көз каранды эместигин калыбына келтирген, ага Кахети, Эрити (1104) жана башка жерлерди кошуп алган. 1122-ж. Тбилисини бошотуп, Грузиянын борбору (мурда Кутаиси эле) кылган. Давид куруучу шаар, кербен сарай, көпүрө, жол курууга зор көңүл бөлгөн; агартуу ишин өөрчүтүп, Гелати академиясын негиздеген. Ушундай иштери үчүн ал «Куруучу» атыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстан: энциклопедия