Дайырбеков Шамил Асан уулу

Дайырбеков, Шамил Асан уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Дайырбеков Шамил Асан уулу (1946- ж. т., Нарын ш.) — Зергер-сүрөтчү. Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1992). 1946-ж. Нарын шаарында төрөлгөн, "Элдик чебер" наамынын ээси.
1961-62-жылдары Бишкектеги курулуш техникумунда, 1962-64-жылдары Бишкектеги техникалык окуу жайында окуган. 1968-жылдан Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун көркөм фондусунда узанууда. Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1976). Анын даана көркөмдүктө жаралган «Кораллы», «Ысык-Көл», «Күн карама», «Жомок», «Ала-Тоо» өңдүү композициялуу эмгектери, эски бедиздерди эске салган металл балбалдары, зер жасалгалары жана башка көптөгөн эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде 50дөн ашык экспонаты бар. Ага Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун президиуму «Элдик чебер» деген наам берген. Дайырбеков Ш. буюм-тайымдарды жасоодо салттуу чеберлердин жол жоболорун таасын кармоо менен катар профессионалдык чеберчиликтин түркүгүн жогору көтөрүп, сүрөтчүлөр менен тең тайлашып келүүдө. Зергер күмүш ордуна нейзильберди, мельхиорду, жезди арбын пайдаланат. Алардан кыз-келиндердин асем буюмдарын (билерик, чолпу, күбөк, чачпак, желбирөөч, сөйкө, шакек, топчу, оймокж. б.) жана башка үлгүлөрүн, эски нускаларын жаратууда. Шамиль салттуу буюмдар менен катар балбалдарга да көңүл бурууда. Балбалдар байыркы тарыхтан кабар берет. Таш доорундагы тарыхый эстеликтердин сын-сыпаттарына кайрылуусунун өзүнчө өлбөс-өчпөс мааниси бар. Ал бир кездеги элибиздин скульптурасы. Чебердин «Менин чоң атам», «Менин неберем», «Менин чоң энем», «Неберелер жана чоң аталар», «Неберелер жана чоң энелер» өңдүү түзгөн композицияларынын мазмунунда «ынтымактуу үй-бүлөнүн тобу бузулбаса, бул өрнөк сакталса, ата-балага, чоң ата, чоң эне, небере чөбөрө үчүн сый-урмат, салттуулук сакталса»,- деген касиеттүү туюм жатат. Зергердин байыркы искусствого кайрылуусунун негизги мааниси - ошол доордогулар менен азыркыларды жакындаштыруу. Ошондой эле кайрак таштарга чейин скульптура чеккен биздин бабалар оңой чебер эместигин эмикилерге даңазалоо. Жалпысынан алганда ынтымактуу үй-бүлөнүн жеринен келе жаткан жол жоболорун мындан ары да сактоого умтулуу. Шамил шириге оюм-чийим түшүрүү өнөрүнө да эгедер. Зергер кемер курдун тогоосун кадимкидей чегелеп, анан күрөң булгаарыга «чийме сынпос» түшүрөт. Ал мында «сындырыкты» ысытып (күйгүзүп) басуу ыкмасын колдонот. Зергер муну менен катар темирди согуу (чеканкалоо) ыкмасын да жүзөгө ашырат. Азыркы чыгармаларынын негизги өзөгүн ашкана буюмдарына, кыз-келиндер себине, ат жабдыктарына бурууда. Элдик нускалар - анын уздануусунун башаты. Уста унутула баштаган элдик үлгүлөргө да көбүрөөк назар таштайт. Уста азыр эмаль менен иштөөнү да ишке ашырууда. Жаңы ыкма болгон эмаль аркылуу иштөө өтө татаал түйшүк. Чебер анын ыкмасын ойдон иштеп чыгарууга изденүүдө. Ал үйдүн ички жасалгасы (интерьери) үчүн узанууну алдына максат кылууда. Мында Шамил там үйдүн, боз үйдүн ички жасалгаларына өз өзүнчө бөтөнчөлөнүп узанууга дымагы зор. Кыргызстандын мамлекеттик сүрөт музейинде анын элүүдөн ашык экспонаты бар. Мындан III. Дайырбековдун элдик зергерчиликтен жогорку профессионалдык деңгээлге көтөрүлгөнү өзүнөн өзү баамдалат. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1970-ж. В. И. Лениндин 100 жылдыгына карата «Чеберлердин жана өз алдынча сүрөтчүлөрдүн республикалык кароо-сынагы». Белек буюмдары үчүн 1972 ж. СССРдин павильонундагы «Изнирдеги эл аралык жайма базары». СССРдин ЭЧЖКндөгү ВЦСПСтин павильонундагы «Эмгек жана эс алуу көргөзмөсү»; 1973 ж. Советская Киргизия - ССРСдин элдеринини бир туугандык үй-бүлөлүк көргөзмөсү; 1988-ж. ССРСдин Лейпцигдеги көргөзмөсү. Зергердин жасалга буюмдары коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б.

ISBN 5-89750-080-0